Видео — Түтүнү токтоосуз түтөгөн Ноокаттагы таштанды талаа

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районундагы таштанды талаасы башка жакка жылдырылбайт. Бул тууралуу Ноокат шаарынын мэри Жолой Тиллаев билдирди.

Анын айтымында, таштандыны кайра иштетүү боюнча долбоор даяр, бирок эки жолу өтпөй калган.

«Жаз-жай мезгилдеринде таштандыдан чыккан жыт жана түтүн жолдон өткөн жолоочуларга жагымсыз абалды шарттайт. Желим баштыктар шамалда жолго чачылат. Жалпы 1 гектар жерди ээлеген таштанды талаасын жылдыруу планы азырынча жок.

Бул таштанды талаасына Ноокат шаары жана шаарга коңшу айыл өкмөттөр келишимдин негизинде таштанды төгүп келишет. Таштанды талаасындагы түтүн атайлап өрттөөдөн келип чыкпайт. Ал жерге түрдүү заттар ташталып, газ балон сыяктуу жарылгыч заттар да күнгө жарылып өрттү пайда кылып күйөт. Сүрдүрүп же суу чачып өчүрүп турабыз. Таштанды талааны жылдыруу планы азырынча жок. Бирок таштандыны кайра иштетүү боюнча долбоор даяр. Ал долбоорлорду эки фондго сунуштадык, бирок өтпөй калды», — дейт Ноокат шаарынын мэри Жолой Тиллаев.

Пример HTML-страницы

Ал эми Ноокат район аралык оорулардын алдыналуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Нурлан Орозалиев таштанды таштоочу аймак жашоочулар жашаган аймактан, суу боюнан жана сел түшүүчү аймактан 1 чакырым алыстыкта жайгашуусу керек экенин айтат.

Ошондой эле Ноокат шаардык мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасы менен келишим түзүлүп, залалдаштыруу иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️