Видео, сүрөт — Ак-Суудагы апалар спорт менен машыгууда

TurmushАк-Суу районунун Отуз-Уул айылында 50 жаштан жогорку курактагы апалар спорт менен машыгып башташты. Бул тууралуу айылдык ден соолук комитетинин жетекчиси Бурмакан Сыргабаева билдирди.

Анын айтымында, элеттиктер күнүгө бир саат машыгышат.

«Айылдык кеңештин депутаты Элнура Мамырбаеванын демилгеси менен ишке ашып жатат. Анын идеясын айылдыктар колдошту. Учурда 50-67 жаш курактагы 12 аял машыгууда. Алар дене көнүгүүлөрүн жасап, аралыкка чуркашат», — дейт Б.Сыргабаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️