Видео — Рухий-Мурас 2 жаңы конушунда жаңжал орун алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Рухий-Мурас 2 жаңы конушунда жер талаштын айынан эки кишинин ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

«Улан аттуу жигит үй-бүлөөсү менен ушул жреди алып, үй салып жашап келе жатканына көп жыл болду. Анын жер тилкеге болгон кызыл китеби бар экен. Ал эми анын жерин талашып келген белгисиз кишилер жаңжал чыгарып, Уланга кол көтөрүп да жиберишти» — деди күбөлөр.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 25-август күнү Ысык-Ата РИИБге 1995-жылы туулган Т.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда Ысык-Ата районунун Рухий-Мурас 2 жаңы конушундагы үйүнө белгисиз жарандар келип, жер тилкесин талашып, денесине зыян келтирилгенин билдирген.

Бул факт Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катоого алынган.

Пример HTML-страницы

Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️