Видео — Ошто жаңжал орун алды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Алишер Навои эс алуу багында топ балдар эки жаат болуп мушташып кетти. Бул тууралуу окуяынын күбөлөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 23-августа болжолдуу саат 17:50 чамасында аталган паркта катталган.

Анда башка аймактан келген өспүрүм жаштагы балдарды парта жүргөн балдардын тобу жолун тороп, ар кандай сөздөр менен акаарат келтирип, «паркта жүрбө» деп коркуткан. Натыйжада эки тараптын ортосунда жаңжал чыгып, мушташып кетишкен.

Видеодо токмоктолгон бир баланын жерде жыгылып жатканын көрүүгө болот. Жабыркаган тарап зомбулук көргөзгөн балдардын колунан кутулуп кетүүгө мүмкүн болбой жатканын деп айтып жатканын угууга болот.

Пример HTML-страницы

Бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынган.

Окуянын катышуучуларын жана себептерин аныктоо максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кийинчерээк милиция кызматы бул массалык мушташ эмес, эки өспүрүмдүн чыр-чатагы болгонун тактаган.

Учурда алар милиция бөлүмүнө жеткирилди. Тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️