Видео — Ноокатта жол тескөөчүлөр 5 жаштагы баланы сүзүп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунда баланы сүзүп алган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-ноябрда Ноокат районундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Шаназаров көчөсүндө эреже бузган унаанын артынан бара жатып, жолго чуркап чыга калган 2019-жылы туулган баланы сүзүп алышкан. Натыйжада бала жеңил жаракат алган, учурда анын абалы жакшы.

Ал эми жол тескөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️