Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Видео — Караколдогу жолдо дайыма чөгөлөп отурган аял. Тургундар тиешелүү кызматтарга кайрылышты

TurmushКаракол шаарынын Кутманалиев жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылына тоскоолдук жараткан аялды маал-маалы менен көрүүгө болот.

Бул жолу кесилиштин так ортосуна тизелеп отуруп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан аялды айдоочулар видеого тартып, жакындарына, соцкызматкерлерге кайрылышты.

«Ушул аялды дарылата турган киши барбы? Карап койгон киши жок?», — деди айдоочу.

Буга чейин айдоочулар аталган аял жолго чуркап чыгарын, кооптуу абал жаратып келерин айтып келишкен.

Караколдук тургандар ал аялды дайыма көрүшөрүн, мурда акыл-эси жайында болгонун билдиришти.

Айрым маалыматтар боюнча, ал мурда англис тил сабагынын мугалими болгон. Кийинчерээк ооруп калган. Ушул аймакта жашайт. Көпчүлүк учурда колуна барактарды көтөрүп алат. Кээ бир тургундар аны диний китеп десе, кээси сабак учурунда колдонгон материалдары, көрсөтмө куралдары деп айтышат.

Тургундар аны тийиштүү кызматтар карап, дарылатууга жиберүүнү суранып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE