Видео — Кара-Кулжада жер көчкү түштү

Видео — В Кара-Кульдже сошел оползень Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл аймагында жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 7-декабрь күнү саат 17:00 чамасында Кара-Кулжа—Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымында (Көк-Жар тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 12000м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган.

ИИМ кызматкерлери тарабынан пост уюштурулган.

Бул аймака 2022-жылдын 14-июнунда жер көчкү кооптулугу жогору болгондуктан ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыккан. Жерине Кара-Кулжа райондук №66 ӨКБдан ыкчам топ тартылып, тактоо иштери жүргүзгөн.

Эртең, 8-декабрь күнү №26 ЖТИ тарабынан техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Кошумча маалымат берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️