Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Видео — Көчмөн кыргыздар желинче буюмун кантип колдонушкан?

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор райондук Осмоналы Сыдык уулу атындагы музейинде көчмөн кыргыздардын териден жасалган желинче деген идиш буюму сакталган. Бул буюм 18-кылымга таандык идиш. Желинче — уйдун желининен жасалган, сейрек кездешүүчү буюмдардын бири. Бул идишке сары май, каймак салынып сакталат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы тарых музейинин кызматкери Максүт Абдыгазы уулу менен жолугуп, буюм тууралуу билди.

«2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосунда кыргыздын улуттук буюмдарын көрсөтүү боюнча музейдеги буюмдарды алып барганбыз. Ошондо нарындык Абразак деген киши тарыхый буюмдарды көргөндө, колдонуу эрежелери тууралуу сурады. Желинче — уйдун желининен жасалган, сейрек кездешүүчү эң кызык буюмдардын бири. Бул идишке сары май, каймак салынып сакталат. Буюм өзү 18-кылымга таандык экенин айтканыбызда Абдразак аксакал анын башка колдонуу эрежелери бар экенин айткан. “Желинче деген буюмду музейлерден издеп таба албай жүргөм. Кочкордун музейинде ырас сакталып калыптыр. Бул буюм тууралуу башкаларга айта жүргүлө. Бул буюм эки эчкинин аты айтылгандай, эки эчкинин желининен жасалат. Азыркы учурдагы упчунун милдетин аткарган. Желиндин үрпүн чыгарып тигип, алар эмгенге ылайыктуу болуп, идиштин ичине сүт куюп, жетим калган козуларга, музоолорго сүт беришкен. Ошондой эле жаш балдарга сүт, кымыз эмизип жүрүшкөн. Көчмөн турмушта ат үстүндө жаш балдарды тойгузуу үчүн колдонулган. Каймак, майды сактоого башка тери буюмдар деле болгон. Мен өзүм желинчени эмип чоңойгом» деп айткан эле», — деди ал.

Желинчени малдын желининен, желиндин үрпүн сыртка каратып жасаган. Желиндин үрпү бир топ мезгилге чейин жумшак болуп, эмгенге ылайыктуу болгон. Катый калган менен эмген кезде жумшарып турган. Кийин үрпү катып баратканда, ага чий сайып, эмген кезде сүт чыга берген. Бир аз эмгенде жумшара баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE