Видео — Чолпон-Атада коноктордон нандын кесимин суроону үйрөнгөн ондатра

TurmushЧолпон-Ата шаардык сейил багында ондатра тамактануунун жаңы ыкмасын тапты.

Ал парктын конокторунан нандын кесимин суроону үйрөндү.

Ондатралар көптөн бери шаардык парктагы көлмөнү жакшы көрүп жайлап келишет. Эс алуучулар көлмөдө жашаган өрдөктөргө жана балыктарга тамак беришет. Нан кесимдеринин даамы ондатрага да жакты. Күндүз ал адамдарга сүзүп барып, алардан тамак сурайт. Бир кесим нан алгандан кийин, аны дароо жашынуучу жайына сүйрөп алып барып, кайра тамак суроо үчүн кайтып келишет. Алардын бул иш-аракети күлкүлүү көрүнөт жана паркка келгендердин көңүлүн ачат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️