Видео — Чүйдө 70 миң долларга сатылган кочкорду Баткенге алып кетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодский айылында 70 миң долларга Кайнар каймана аты бар кочкор сатылды. Бул тууралуу «Арашан» багуучулар билдирди.

«Фермерлер Замир Жайнаков жана Жанай Жусупбеков өзүлөрүнүн чарбасындагы Кайнар аттуу кочкорун 24-август күнү жаңы ээсине тапшырышы. Кочкордун жашы 2ден ашкан. Баткен облусунун фермерлери келип, алып кетишти. Буга чейин Кайнардын ургаачы козулары 5 миң доллардан, ал эми эркек козулары 19 миң доллардан сатылган», — деп айтылат маалыматта.

2021-жылы Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы «Арашан» аттуу жаңы кой породасын каттаган.

Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

Пример HTML-страницы

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️