Видео — Чүйдүн Беловодск айылында көрүстөн өрттөндү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында көрүстөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Нарзан айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-июлда 22:30 чамасында Беловодск айылындагы христиан көрүстөнүндө өрт кырсыгы катталган.

«Таза-Нарзан» муниципалдык ишканасы райондук ӨКБ менен биргеликте түнкү саат 24:00дө өрттү өчүрүштү. Өрт балдардын түн ичиндеги ээнбаштыгынан, жарандардын коопсуздукту сактабагандыгынын кесепетинен келип чыккан.

«Айрым тургундар өрт чыккан жерден 2-3 бала карматпай качып кеткенин да айтышууда. Биздин ата-энелерге кайрылуубуз, балдарга такай көзөмөл жүргүзүү зарылчылыгын эскертебиз», — дешти айыл өкмөттөн.

Пример HTML-страницы

Ал эми райондук ӨКБ өрт кырсыгын тастыктап, жабырканандар жок экенин кабарлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️