Видео — Баткенде дааратканага түшүп кеткен наристе куткарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде ажатканага түшүп кеткен 5 жаштагы наристе куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 4-сентябрда саат 18:14 чамасында Айдаркен шаарынын Металлург көчөсүндө жайгашкан үйдө болжол менен 5 жаштагы наристе ажатканага түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Кадамжай райондук №77 ӨКБдан жеке унаасы менен капитан О.Султановдун башчылыгында 3 куткаруучу тартылган.

Ыкчам түрдө куткаруучулар тарабынан куткаруу иштерин жүргүзүү чаралары көрүлүп, бөлүктүн кароол башчысы улук лейтенант А.Сүйүнов ажатканага түшүп, наристени аман-эсен куткарып чыкты.

Ошол замат дарыгерлер тарабынан ден соолугуна көзөмөл жүргүзүлүп, учурда баланын абалы туруктуу.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️