Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Видео — Баткенде акыркы 5 жылдан бери өрүк быйылкыдай гүлдөгөн эмес

TurmushБыйыл Баткен облусу боюнча 97 миң тонна өрүк алуу пландалууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Дыйкандардын айтымында, акыркы 5 жылдан бери өрүк мындай гүлдөй элек. Айрым жылдары өрүктү үшүк алса, кээде ысыктан өрүк гүлүн төгүп салган.

«Быйыл Баткенде өрүк башкача бир бажырайып гүлдөдү. Буюрса, Жараткан быйыл Баткенге жакшылыгын, молчулугун, бактылуулугун берет!

Өрүк гүлүнүнү мынчалык аңкыган жыпар жытын, ушунчалык суктанарлык гүлдөшүн буга чейин анчалык деле сезбептирмин. Акыркы 5 жылдар аралыгында табияттын өзгөрүүсү менен өрүктөр жакшы гүлдөбөй, ысык-суукка алдырып, түшүм да жакшы болбой келет. Кыш мезгили да жылуу келип, өрүк дарактары кышкы уйкуга толук кирбей, жазында жакшы гүлдөй албай келген. Мына быйыл кыш кыштыгын кылды, өрүк дарактары сонун эс алды, жыйынтыгында укмуштуудай гүл ачты. Эми мөмө ыссык-сууктан сактанып байлап алса, өрүк түшүмү да жакшы болот эле», — дейт «Алыш Дан» кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшев.

Быйылкы жылы 97 миң тонна өрүк түшүмүн алуу пландалууда.

«Акыркы 4-5 жылдан бери өрүк мурдагыдай түшүмдүү болбой жатат. Суукка, же ысыкка алдырып коёт. Быйыл болжолдуу 97 миң тонна алуу пландалып жатат. Кадамжай жана Баткен районунда өрүктү кайра иштетүүчү ишканалар бар. Алар өрүктү кайра иштетип, Орусия Казакстан жана Американын Чикаго шаарына чейин экспорттошууда», — дейт президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн экономика жана региондорду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Сайдакматов.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE