Видео — Арстанбапта жаңгактын түшүмү дээрлик жок болуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда быйыл жаңгактын түшүмү дээрлик жок болууда. Мындан улам токойдо түшүм жыйнаган жергиликтүүлөрдү да кезиктирүү кыйын. Turmush басылмасынын кабарчысы абалды жеринен көрүп келди.

Жубайлар — Сейитбек Курбаналиев менен Жылдыз Ахмедова жыл сайын күз мезгилинде жаңгак жыйноо үчүн Арстанбаптагы токойго келишет. Быйыл да жубайлар 60 сотых жердеги түшүмдү чогултуу үчүн 1 айга келишкен. Элеттик түгөйлөр жыл сайын бул сезонду токойдо өткөрөрүн айтат.

«Өзүбүз Бел-Терек айылынан болобуз. Көп жылдардан бери токой чарбадан жаңгак токоюн ижарага алып, күз келгенде жаңгак теримге келебиз. Быйыл түшүм жакшы болгон жок. Мындан улам жолдошум экөөбүз гана бир апта мурун келдик. Мында токойдун ичине чакан чатыр тигип, казан-очок, азык-түлүктүн баарын камдап алганбыз. Күн сайын эртең менен колубузга кап кармап, жаңгак чогултуу үчүн токой аралап киребиз. Келип чай кайнатып, тамак бышырып жеп, күнүбүз токойдо эле өтөт. Азыр 10 килограммдан ашык түшүм жыйнап, кургатуу үчүн жыйып койдук. Дагы бир айдай токойдо жашайбыз. Азырынча суук түшкөнгө чейин той-ашты жыйнаштырып, жаңгак теребиз», — дейт Жылдыз Ахмедова.

Ал эми Сейитбек Курбаналиев базарда жаңгактын баасы турукташа электигин кошумчалады.

«Күн сайын эртең менен ижара аянтыбыздагы жаңгактын түшүп калганын чогултуп жатабыз. Былтыркы жылы түшүм абдан жакшы болгон, бирок быйыл андай түшүм жок. Жылда ижарага токой алып, түшүм жыйноого келген адамдар бул көрүнүшкө көнүп калган. Негизи бир жыл түшүм жакшы болсо, кийинки жылы жакшы болбойт, бул адаттагы эле көрүнүш. Ошентсе да биз түшүм жыйноого келдик. Быйыл баа турукташа элек. Эгер жаңгактын баасы жогору болсо сатып, аз да болсо каражат тапсак деп болжоп жатабыз. Былтыркы жылы 1 тоннадан ашык жаңгак чогултуп, 15-20 сомдон саткам. Быйыл баа кандай болоор экен деп турабыз», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Арстанбап-Ата токой чарбасынын жетекчиси Кеңешбек Пиназаров түшүмдүн аз болгонун мындайча түшүндүрүп берди.

«Чындыгында өткөн жылы жаңгак түшүмү мол болгон. Быйыл болсо дээрлик жокко эсе. Быйыл эрте жазда жаңгак гүлдөгөн учурда жаан-чачындын көп болушу негизги фактор болду. Себеби жамгыр гүлдү төгүп, түшүм ошол себептен болбой калды. Андан сырткары жаңгак түшүмүнүн бир жылы жакшы болуп, экинчи жылы начар болушу бул кадимки көрүнүш. Анткени ошол аз түшүм болгон жылы дарак өзүнө иммунитет топтойт да кийинки жылы мол түшүм бере баштайт. Бул боюнча биздин адистер анализ жүргүзүштү», — дейт Пиназаров.

Жалпы аянты 19 миң гектардан ашкан Арстанбап-Ата токой чарбасынын 8358 гектарын токой аянты ээлейт. Быйылкы жылы 4073 ижарачы менен келишим түзүлгөн.

—————————————————————

Turmush 2022-жылы жаңгак мөмө дарагы ортодон төмөн түшүм байлаганын жазган.

Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылынын жашоочулары айрым жерлерде мөмө жакшы болсо, айрым жерлеринде дээрлик жок экендигин айтышкан.

«Жаңгак терим үчүн чатырын тигип, атайын токойго чыккандар азырынча жок. Себеби жангак жакшы болбой калды. Былтыркыдай түшүмдүү эмес, бирок терсе болот. Жаңгак дарактар мөмөнү быйыл ичине катып алды. Кыргыз илгери ушинтип айтчу эле», — деген жергиликтүүлөр.

Ошондой эле 2020-жылы да жаңгактын түшүмү болбой, негизги кирешеси токой түшүмүнө байланган жашоочуларды катуу убайга салган.

2020-жылы эрте жазда жааган кар менен мөндүр жаңгактын баарын жок кылган. Жаңгактын баасы маңызына карап 40 сомдон 100 сомго чейин бааланган. Ал эми маңыздын баасы 250 сомго чейин жеткен.

Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абаддагы илимий борборунун адиси Давлет Мамажанов акыркы жылдары ар 3-4 жылда жаңгак мөмө түйбөй калып жатканын айткан. Себеби апрель айында жаан-чачын карга айланып, жаңгакты үшүк алып кеткен. Тоо тараптагы токойлордо жаңгак таптакыр эле болбой калган. Ылдыйкы зонада үйдүн алдына тигилген жаңгактар гана түшүм берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️