Видео — Арстанбап катуу селден кийин

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБазар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагында сел каптаган аймактын 60 пайызы тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

24-июль саат 13:00гө карата Арстанбап-Ата айыл аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 90 куткаруучу, райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 554 кызматкер тартылып, сел каптаган аймактардын 60% тазаланып бүттү.

Мындан сырткары 14 инженердик техника, 13 атайын техника тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов координациялык жумуштарын жүргүзүп жатат. Анын айтымында, селден жалпы 5 көпүрө жабыркаган. Алардын ичинен 4 көпүрө жараксыз абалга келди.

Пример HTML-страницы

Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылында 9 үйдүн короо-жайын, 1 үйдүн жер төлөсүн жана 20дан ашык соода күркөлөрүн кыян суу каптады. Бул тууралуу Turmush басылмасына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров билдирди.

Анын айтымында, куткаруучулар, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү тургундар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатышат.

«Кечээ, 23-июлда орун алган сел кырсыгы боюнча жарандык коргонуу кызматы табийгат кырсыгынын кесепетин жеринде көрүп, эсептеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, кыян айылдагы 5 көпүрөнү бузуп, 9 үйдүн-короо жайын, 1 үйдүн жер төлөсүн, 20дай соода күркөнү, анын ичинде 5 соода түйүнүнүн жер төлөсүн каптап, аймактык бейтапкананын короо-жайын каптаган. Аны менен катар кырсыктан улам Арстанбап айыл аймагындагы борбордук көчөнүн 1 чакырым аралагын шагыл каптап, кыймыл токтоп калган. Кечээ түнү жол бир каттамдуу ачылып, азыркы тапта кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн жарандык коргонуу кызматынан 114 адам, жергиликтүү бийлик өкүлүнөн 60 адам жана ӨКМдин 90 кызматкери, 14 инженердик техника тартылды», — деди ал.

Кыян суу жергиликтүү тургун Бахадыр Пазиловдун да үйүнө кирип, сарайын бузуп кеткен. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын айтат.

«Кечээ саат 18:00 чамасында жамгырдан кийин эле сел ташкындап келди. Сайдан ашып, жолду каптап, андан соң үйлөргө кире баштады. Биздин көчөдөн 5-6 үйдүн короо-жайларына сел кириптир. Биздин үй көчөнүн этегинде болгону үчүн кыян ташкындап келип, сарайды, анын ичиндеги майда жандык, жыйылып турган тоюттан бери агызып кетти. Азыр ӨКМден куткаруучулар келип, тазалап жатышат. Табийгаттын кырсыгы экен, эмне кыларымды билбейм», — дейт ал.

Жергиликтүү тургундар мындай сел 20 жыл мурун болгонун билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, турак үйлөрдөн тышкары борбордук ооруканага сел суулары кирип, ал жердеги 11 жаран үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ал эми 4 бейтап башка жерге которулду.

Ошондой эле 1 чакырымдай жол кум-шагылга толуп, 5 ички чарбалык көпүрө жабыркады. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Абал көзөмөлдө.

Мындан тышкары ал селден каза болгондор жана жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылында кечээ, 23-июлда саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.

Алдын ала маалымат боюнча, сел суусу 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Арстанбап Жалал-Абад облусундагы эң негизги жайкы туристтик багыттардын бири болуп саналат. Бул аймакка күн сайын Кыргызстандын аймактарынан жана Өзбекстандан жүздөгөн туристтер келет.

Арстанбап шаркыратмасынын жанында дээрлик 60 соода объектиси жайгашкан. Соода түндөрүндө сувенирлер, суусундуктар жана башкалар сатылат.

Сезон 2-3 айга созулуп, жергиликтүү тургундар киреше таап калууга шашылат. Алар как, курут жана ар кандай кол эмгектерди сатышат.

50дөй жергиликтүү тургун туристтерге такси кызматын көрсөтөт. Көбүнчө «Нива» жана «УАЗ» унааларын айдашат. Ошондой эле конок үйлөр бар. 2023-жылдын июнь айына карата маалымат боюнча, 52 конок үй бар. Алардын ичинен 18 конок үй жыл бою иштейт. Бул үйлөргө негизинен кышында чет элдик туристтер келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️