Видео — Аламүдүндө жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Горная Маёвка айылында жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

ӨКМдин басма сөз кызматы бул окуяны тастыктап, кырсык кечээ, 7-июль күнү Бишкек—Ысык-Ата жолунун 29-чакырымында болгонун кабарлашты.

«Аталган айылдагы жолдо жүк ташуучу унаа күйгөн. Жерине Бишкек шаарынын №5 АӨКБ кызматынан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 21:07де толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️