Видео — Ак-Суунун айылдарында мөндүр жаады

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Каракол айыл аймагынын Шапак жана Отрадное айылдарында мөндүр жаады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, бүгүн, 18-июль күнү саат 12:00 чамасында мөндүр 5 мүнөт аралыгында жааган. Мындан улам мөмө-жемиштер, эгин чыгымча учураганын айыл тургундары айтышты.

Каракол айыл аймагынын башчысы Арстанбек Эмил уулунун айтымында, массалык чыгымга учуроо жок

“Мөндүрдүн эпкини эгин талаага да жетти. Арпа, буудайды карап чыктык массалык чыгымга учуроо жок. Ал эми айыл ичинде мөмө-жемиштерге мөндүр тийди. Бактыга жараша мөндүр тез өтүп кетти”, — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️