Видео — Ак-Суу капчыгайындагы адамдын алаканындай көпөлөк

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районунун Ак-Суу капчыгайында жаратылыш сүйүүчүлөр дагы сейрек кездешкен көпөлөктөрдү көрүштү.

«Бул жолу капчыгайда көптөгөн махаон көпөлөктөрү болгон. Алар абдан чоң жана кооз экен. Махаонду шведдик натуралист Карл Линней грек мифологиясындагы дарыгер Махаон каарманынын урматына ушинтип атаган. Ал Троян согушунда жүрүшкө катышкан», — деп билдирди жаратылыш сүйүүчүсү Николай Радченко.

Эколог Александр Сосновский махаон көпөлөктөрү сейрек кездешүүчү жана азайып бараткан түр экенин белгиледи.

«Махаон сейрек кездешүүчү жана азайып бараткан түрлөрдүн катарына кирет. Бул көпөлөктөрдүн Чүй облусунун капчыгайларында көп кездешкени кубандырат. Махаон кызыл китепке киргизилген. Дүйнөдө бул көпөлөктөрдүн санынын азайышынын себеби көп кармоо жолу менен жана пестициддерди [уулу зат] колдонуп, алардын жашаган жерлеринин толук жок болушу же өзгөрүшү. Көпөлөк өзү абдан сулуу. Бир жагынан бул назик жандык, жапайы жаратылыш дүйнөсүнүн алсыздыгын билдирет. Экинчи жагынан байыркы кытай макалында айтылгандай, көпөлөктүн канаттарынын кагылышы, дүйнөнүн аркы өйүзүндө сезилет», — деп ой бөлүштү адис-эколог Александр Сосновский.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️