В.Тарасенко бул ыкманы колдонгон соң Чүйдө эгилген инжир мөмө бере баштаган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну Виктор Тарасенко бир нече жылдан бери өз жерине инжир өстүрүү менен алек.

Виктор Иванович Тарасенко — 1959-жылы Кош-Тегирмен айылында туулган. Орто мектепти, техникумду бүтүрүп, аскер кызматын өтөп, андан кийин 40 жылга жакын Кыргызстандын унаа оңдоочу ишканаларында эмгектенген. Ардактуу эс алууда жүргөн Виктор Тарасенко багбанчылык менен алектенүүдө. Анын жеринде алма, алча бактары өсүп, мөмө берет. Анын бакчасынын сыймыгы — анжир.

Анжир Кыргызстандын түштүгүндө жакшы өсөт, Чүй облусунда энтузиаст-сүйүүчүлөрдүн гана бакчасында кездешет.

Виктор Тарасенконун айтымында, идиштеги кичинекей дарак түрүндөгү инжирди ага Россияга кетип жаткан достору сунушташкан. Ал өзүнүн бакчасындагы жерге отургузуп, түшүмүн күтө баштаган. Бирок 3 жыл катары менен анжир дарагы мөмө бербей, жыл сайын кышында тоңуп турган.

Ага Өзбекстандан Кыргызстанга көчүп келген өзбек кошунасы даракты үшүктөн, шамалдан кантип сактоо боюнча кеңештерин берген.

Пример HTML-страницы

«Көрсө, бул дарактарды кышында үшүктөн жана шамалдан сактоо үчүн жерге көмүшөт экен», — деп эскерет багбан.

Виктор Тарасенко айыл чарбадагы мындай тажрыйбаны жыл сайын кайталап турат.

«Жыл сайын күздө анжирди жерге көмүп, жазында аны казып, тикесинен тик тургузам. Кээде каптал тамырларын кыркууга туура келет, бирок бул даракка зыян келтирбейт», — деди ал.

Бул ыкма анжирдин кыштан аман чыгышына жана мол түшүм алууга шарт түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️