УЗИге түшкөн келин токтоно албай ыйлаган. Таластык Замира Татаева күбө болгон кубанычтуу окуя

Акыркы жанылыктар

TurmushТаластын 57 жаштагы тургуну Замира Татаева ооруканада УЗИ адиси болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында төрөлгөн. 2018-жылдан баштап УЗИ боюнча адис болуп иштеп келе жатат.

«Мен жаңы жумушка келгенде эски УЗИ аппараты менен иштечүбүз. Бизге чейин 15 жылдан ашуун иштеген экен. Эски УЗИ аппараттарынан жакшы көрүнчү эмес. Коронавирустан кийин оорукана жаңы УЗИ жабдуулары менен камсыз болду. Азыркы учурда төрөт бөлүмүнө өзүнчө УЗИ аппараты жана жандандыруу бөлүмүндө, терапия-соматика бөлүмүндө жана башка бөлүмдөрдө өзүнчө УЗИ аппараты бар.

Үзүрлүү эмгектин артынан Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын, профсоюз уюмунун, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамоталары жана быйыл 8-мартта «Кутман айым» төш белгисин алдым», — деди ал.

Замира Татаеванын 2 уул, 1 кызы жана 2 небереси бар. Келини акушер-гинеколог болсо, экинчи уулу да медициналык академияны бүтүргөн.

Пример HTML-страницы

«Жумушумда эсимде калган учурлар абдан көп. УЗИде отуруп, 10 жылдан бери боюнан бүтпөгөн эненин эгиз ымыркайларга кош бойлуу болгону абдан сүйүнүчтүү кабар болгон. Аны угузганда келин токтоно албай ыйлаган. Жолдошу кошо ыйлап, менин дагы денемди дүркүрөткөн окуя болгон. Келиндер көп кайгырып келген учурлар болот. «Жалаң гана кыз төрөй бересиң» деп жемелеген күйөөлөрүнөн коркуп, «кыз деп айтсаң эмне кылам?» деп ыйлаган келиндер болгон. Ошондо «Ар бир бала баалуу. Кыз бала деп бөлбөш керек» деп айтам. Жолдошуна дагы айтып, туура жеткиргенге аракет кылабыз. Азыр андай көрүнүш токтогонсуп калды. Жаштардын аң-сезими өсүп, кыз же уул деп бөлбөй калганы кубандырат. Негизи жумушта күн сайын бактылуу, дени сак энелерди көрүү мен үчүн бакыт», — деди ал.

Дарыгер айым «Саламаттыкты сактоонун отличниги» наамын алган.

Ал 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун педиатрия факультетин аяктаган. Институтту аяктаган соң 1992-1993-жылдары Талас облусунда интернатураны бүтүп, 1995-жылга чейин Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда участкалык педиатр болуп иштеген. 1995-2009-жылга чейин Талас облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө эмгектенген. 2009-жылдан 2017-жылга чейин, 8 жыл ичинде балдардын жандандыруу бөлүмүндө башчы, 2017-жылдан 2020-жылга чейин Талас облусундагы балдарга жардам берүү боюнча педиатрия координатору болуп иштеген. 2013-жылы чөнтөк китепчеси боюнча координатор болуп, 2014-жылы Москва шаарынан, 2019-жылы Санкт-Петербург шаарынан билимин жогорулаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️