«УЗИ аппарат бар, адис жок»: Таш-көмүрлүктөрдүн көйгөйүн чечүүгө жетекчиге 1 ай убакыт берилди

TurmushТаш-Көмүр шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунда УЗИ аппараты бар болгону менен адис жок. Бул тууралуу кечээ, 13-апрелде жашоочулар президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев менен жолукканда билдиришти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жеке менчик УЗИ аппаратын иштеткен дарыгерге кайрылууга аргасыз болушат. Мамлекеттик ооруканадагы УЗИ аппараттын иштебегендиги калкка кыйынчылык жаратууда.

Маалым болгондой, шаардык ооруканада УЗИ аппараты боюнча адис маяна аздыгынан жумушунан кеткен. Ооруканадагы башка адистер өз жумуштарына араң жетишип жатышат.

Таш-Көмүр шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Алмаз Мырзасапаровдун айтымында, адистин жетишсиздигинен аппараттын иштебей турганына 1 жылдан ашты.

«Биздин ооруканада 24 дарыгер бар, алар калкты тейлөөгө араң жетишет. Мисалы,1 гинеколог, 1 кардиологубуз бар. Ушул сыяктуу адистерибиз бирден гана болууда. УЗИни кошуп бергенге адисибиз жок. Анестезиолог жок эле, ушул жердик жаш жигитти тарбияладык, 1-апрелден тарта иштеп баштады. Адистерди алып келебиз, бирок көпкө турбай, кетип калышууда», — деди ал.

Ал эми облус башчысы Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Замира Орунбаевага бул маселени 1 айда чечип берүүнү тапшырды.

Пример HTML-страницы

Таш-Көмүр шаарында 12 дарыгер жетишпейт. Шаарда тери оорулары боюнча бир да дарыгер жок. Тери ооруларына кабылган жарандар облуска барууга аргасыз болушууда.

Жыйында жер, таштанды таштоочу унаанын жетишсиздиги, жол көйгөйлөрү көтөрүлдү. Жыйында сөз сүйлөгөндөрдүн айрымдары мамлекеттик кызматкерлердин маданиятсыз экени, маселе айтканы барган элге кайдыгер караган жетекчилер бар экенин айтып, нааразычылык билдиришти.

  • Таш-Көмүр шаарында 44 миңге жакын адам жашайт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️