Пример HTML-страницы

Уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизүү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖасалма телефондорду колдонуудан коргоо, ошондой эле уурдоону жана телефондук алдамчылыкты жоюу максатында 2024-жылдын 25-июнунан тартып Мамлекеттик уюлдук телефондорду идентификациялоо системасы ишке кирет.

Телефонумду азыр катташым керекпи?

Бүгүнкү күндө жергиликтүү байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, O!) байланыш кызматтарын (SIM-карталарды) пайдаланган бардык уюлдук телефондор системада автоматтык түрдө каттоодон өткөн. Учурда жарандар колдонуп жаткан уюлдук телефондорго эч кандай таасири тийбейт.

Кыргыз Республикасынын мобилдик байланыш түйүндөрүндө иштетилбеген жеке колдонууга алган уюлдук телефонду бекер каттоо үчүн 2024-жылдын 25-июнуна чейин жергиликтүү байланыш операторлорунун SIM-картасын салып иштетиниз.

Телефондорду ким катташы керек?

Сатуу үчүн башка мамлекеттерден алынып келинген уюлдук телефондор импорттоочулар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына кирери менен катталууга тийиш. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу түрдө импорттолгон, колдонууга коопсуз IMEI коду* менен катталган уюлдук телефондорду гана сатууга уруксат берилет (анын ичинде дүкөндөр, базарлар жана интернет аркылуу сатуулар).

*IMEI код — SIM-карта менен иштеген ар бир уюлдук телефонго ыйгарылган эл аралык уникалдуу номер. Уюлдук телефондун IMEI кодун телефонуңуздан *#06# терүү аркылуу биле аласыз.

Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып жаткан уюлдук телефондорду сатып алуучу жарандар каттоого муктаж эмес, каттоо импортерлер тарабынан өлкө аймагына кирээр замат сатууга чыгарууга чейин жүргүзүлүшү керек. 2024-жылдын 25-июнунан тартып, уюлдук телефон сатып алардан мурда телефондун IMEI кодун катталгандыгын текшерип алуу керек: Текшерүүнү www.imei.kg же байланыш операторунун тиркемелери аркылуу: «Мой Beeline», «Mega 24», «Мой О!» жүргүзө аласыз.

2024-жылдын 25-июнунан тартып, Кыргыз Республикасынын аймагында уюлдук телефондорду Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатып алган адамдар (мисалы, телефон чет өлкөдөн алынып келинсе же Кыргыз Республикасынан тышкары эл аралык базарларда онлайн заказ кылынса, мисалы Wildberries, Ozon, Amazon, Aliexpress ж.б.), 2024-жылдын 25-июнунан тартып аларды www.imei.kg сайтында жарыяланган көрсөтмөлөр боюнча каттоодон өткөрүү керек болот.

Система ишке киргенден соң эки ай аралыкта жеке телефондорду каттоо бекер жүргүзүлөт.

Жөнөкөй жарандар үчүн системанын артыкчылыктары

Аппараттарды идентификациялоо жана каттоо жарандардын жеке турмушуна болгон конституциялык укуктарын бузбайт. Мамлекеттик идентификациялоо системасы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, бардык коопсуздук чараларын сактоого жана уюлдук телефондордун эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келишин камсыздоого багытталат.

Ошондой эле, Мамлекеттик идентификациялоо системасын киргизүү контрафакттык, кооптуу түзүлүштөрдүн мыйзамсыз импортту жокко чыгарат, бул аккумулятордун жарылуусу жана сапатсыз техникалык бузулуу тобокелдиктерин жок кылат.

Система ишке киргизилгенден кийин, алдамчылык жана террористтик максаттарда колдонгон телефондор система тарабынан бөгөттөлөт.

Мамлекеттик идентификациялоо системасы телефондук алдамчыларды, ууруларды кыскартууга олуттуу таасирин тийгизет. Анткени жарандар укук коргоо органдарына кайрылганда, система мындай түзүлүштөргө бөгөт коюп, өлкө аймагында аларды андан ары колдонууга же жайылтууга жол бербейт.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн ГСИ сайтына кириңиз: www.imei.kg

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE