Уулунун өмүрү кыска болорун энеси кантип билген?

Акыркы жанылыктар

TurmushКийинки жыйырма жыл ичинде улуттук тарыхыбызды калыбына келтирүү, унутта калган легендарлуу ысымдарды өз ордуна коюу иши бир топ эле алга жылды. Аттары көмүскөдө калып, чындык үчүн, дили жана дини, адилеттүүлүк үчүн өмүрүн сайган, акыры кызыл аскерлердин огунан шейит кеткен, же Совет өкмөтүнөн куугунтугунан качып, Кытай менен Ооганстанга ооп кеткен, укум-тукумдары Пакистан менен Европа өлкөлөрүнө чейин тарап кеткен басмачылар тууралуу адилеттүү сөздөр дале болсо жетиштүү айтылбай келет. Ырас, басмачылардын баары эле баатыр эмес, арасында ар кандайы болгон, баатыры да, чыккынчысы да кездешкен. Бирок алардын арасында Ади паңсат менен Айтмерек корбашы, Көр Шермат менен Абдыш мерген сыяктуу адамдар бар. Ошондой аты-жөнү эл оозунда калып, бирок тийиштүү тарыхый баасын ала албай келе жаткан атактуу ысымдардын бири Алай жергесинен чыккан Ади басмачы.

«Адидей тикирейип тиктебе» деп алайлыктар азыркыга чейин айтып келишет. Кыргызстан жергесине Совет бийлигинин орношуна каршы күрөшкөн, Түштүк Кыргызстандагы басмачылык кыймылдын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Ади паңсаттын апасы жыланга талгак болгон экен. Эки жолу жеп, биринде ал тургай бээ сааганы желеге бара жатып, жыланды кармап, тирүүлөй эле жеп салган. Бирок ошондо да талгагы канган эмес дейт. Кийин Ади паңсаттын жакын досу чыккынчылык кылып, атып өлтүргөнүн уккан апасы: «Талгагым канбай калганда эле баламдын өмүрү кыска болорун билген элем» деп ыйлаган экен. Ади жылан сыяктуу көзүн ирмебей тиктеп, уктаганда да көзүн жумбай уктачу дешет…

Ади жумурай журтка басмачы катары таанылган. Басмачы деген ким? Совет бийлигинин атеизмин танып, Ислам динин бекем тутунган, сүннөткө бекем, бир сөз менен айтканда такыба адам болгон. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү басмачыларды элге жаман көрсөтүп, чыккынчы катары таанытышкан. Бул адамдын элине болгон кызматы, баатырлыгы тарых беттерине басылбагандыктан көпчүлүк эл биле бербейт. Акыркы жылдар ичинде гана окумуштуулар тарабынан изилденүүгө алынып, анын өмүр баяны тууралуу ар кандай талаш-тартыштарды туудуруп келишет.

Паңсат – Орто Азиядагы Бухара, Кокон хандыктарында беш жүз аскердин башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️