Уулу эстрада жылдызына, окуучусу кыргыз сыймыгына айланган Атыргүл Байтокова

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Атыргүл Байтокова Каракол балдар искусство мектебинде комуздан сабак берип келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Атыргүл Байтокова 1966-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Кичинекей кезинен баштап, кыргыздын улуттук музыкалык аспабында ойнойт. Учурда кыргыз эл аспаптар бөлүмүн жетектеп, бир нече таланттарды тарбиялап келүүдө.

«Алгач комузду айылдагы музыкалык мектепке барып, Мария Абдрашитова деген мугалимден үйрөнгөм. Ал биринчи устатым десем болот. Мектепти аяктагандан кийин музыкалык билим алуу үчүн Каракол шаарына келип, ошол жерден болочоктогу жолдошумду жолуктурдум.

Жолдошум Кылычбек экөөбүз Каракол музыкалык окуу жайда чогуу окуп калдык. 3 жыл ээрчишип жүрүп, 1985-жылы баш коштук. Учурда 3 баланын ардактуу ата-энесибиз. Жолдошум Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында актер. Улуу кызым Лира Канадада жашайт. Ал жактан ооруканада иштеп, медицина тармагында жүрөт. Андан кийин Ильяз (ырчы Ильяз Андаш), кичүүсү Азат Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде 3-курста үн режиссурасы адистиги боюнча билим алып жатат», — деди ал.

Жубайлар экөө тең чыгармачылык тармагында болгондуктан балдары да алардын жолун жолдогон.

Пример HTML-страницы

«Ильяз төрөлгөндө атын чоң апасы атайын ырымдап койгон. Анын кызыктуу тарыхы бар. Атасы Таласка гостролго кетип жаткан. Мага келип атын Тимур койдум деп айтып, гостролго кетти. Анан кайын энем жардамдашууга келип, «Тимур деген айылда анча жакшы эмес бала бар. Мага ал ат жакпайт, Ильяз эле коелук» деп коюп койду. Ал кезде уюлдук телефондор деле жок. Атасы болсо Таласта жүргөндө «Тимур деген уулду болдум» деп сүйүнчүлөп жүрүптүр. Келгенде ысымы башка болуп калганын угуп, таң калып калган.

Ильяз кичинесинен эле чыгармачылыкка жакын болду. Бала бакчага барган кезинен тартып, иш-чараларда ырдап жүрдү. Андан кийин мектепте, шаардын майрамдарында ырдап талантын такшалтты десем болот. Ата-эне үчүн баланын ар бир ийгилиги эле сыймык. Башында ар бир ырына кубанып, тааныштарга угузуп жүрдүм. Эң биринчи «Кыргыз жери» деген ырын ырдап чыккан эле. Анда мага үйдөгү пластинкадан мурдагы опера менен ырдалганын угузуп, «Ушул ырды ырдайм» десе «Кантип ырдайсың, угармандар кандай кабыл алат?» дегем. Кийин ал ырды эстрада вариантында кылып чыгарды. Ырды элдин жакшы кабыл алганы абдан кубанткан. Ильяз абдан камкор. Майрамдарда, туулган күндөрдө күтүлбөгөн белегин берип ийет. Ал эми мен үчүн чоң белеги «Ата-энем» деген ыр ырдап, бизди клипке тартканы болду», — дейт ал.

Ал 36 жылдан бери балдарга комуз үйрөтүп келет. Бул аралыкта нечендеген таланттарды өстүрүп чоңойтту. Анын ичинен биринчи окуучусу комузчу жана алып баруучу маркум Нурзат Орозалиева.

«Ал кезде өзүм студент элем. 3-курста педагогикалык практикада элек. Анан Нурзат Караколго эжесиникине жашап, азыркы №3 мектепте окуп калды. Ошондо жездеси ээрчитип келип, «Комуз үйрөнөм деп жатат» деп мага тапшырды. Колуна биринчи комуз карматкан эжейи мен болдум. Анда Нурзат 2-класста билим алчу. Абдан шыктуу, тубаса таланты бар эле. Комузду бат эле өздөштүрүп кетти. Анын ар бир ийгилиги менен кийин сыймыктанып жүрдүк. Учурда да анын эмгегин баалап, ал жараткан күүлөрдү кийинки муунга үйрөтүп, эл арасынан чыккан талант экенин айтып келебиз. Азыр окуучуларым менен анын «Сезимдеги толгоо» деген күүсүн чертип келебиз. Ошол күү менен дайыма гран приге ээ болобуз. Нурзаттын күүлөрүн окуучуларым аткарса азыр да сыймыктанам.

Жылда мектепке келген окуучуларга атайын ансамбль түзүп, маданий иш-чараларда кыргыз күүлөрүн даңазалап келебиз», — дейт ал.

Анын бүтүрүүчүлөрү учурда кыргыз маданиятын көтөрүүгө салым кошуп, чыгармачылык менен кеткендери да бар.

«2016-жылдагы Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчу бир убакта күү чертти. Анда биздин облуста координатор болуп, облустагы мыкты комузчуларды жыйнап, алардын башын бириктирдик. Ошол 1000 комузчунун ичинен 250 комузчуну Ысык-Көлдүн район-шаарларынан чогултуп бардым. 1000 комузчу бир убакта, бир күү аткарышы көрөрмандарга, чет жерден келгендерге өзгөчө кызыгуу жаратты. Ал эми бизде болсо мекенчилдик сезим ойгонду», — дейт ал.

Ал жылда кыздар арасында ансамбль түзүп, көптөгөн ийгиликтерди жаратып келген. Быйыл балдарды да кошуп, маданий массалык иш-чараларга катышууда.

Бул эмгектери бааланып, «Эл агартуунун отличниги» жана «Маданияттын мыкты кызматкери» наамдарына татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️