Ураим Калматов өзүнө коюлган дооматты четке какты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 7-февралда АКИпресс-Ошто «Адилет» коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча координатору Ураим Калматов жана жакындары маалымат жыйын өткөрдү.

Ураим Калматовдун айтымында, таанышы массалык маалымат каражаттары аркылуу дарегине бир нече далилденбеген сөздөрдү айтып, жамандаган. Ал аталган адам түшүндүрмө берип, массалык маалымат каражатына чыгарган бир тараптуу материалын төгүндөп, кечирим сурашы керектигин айтты.

«Элге жардам берип, Кыргызстандын конституциясынын негизинде иш алып барам. Мыйзамды сыйлайм, мыйзамды бурмалоодон корком. Бул жакка келгенимдин негизги себебин айтайын. 31-январь күнү кайсы бир массалык маалымат каражаты менин жеке аброюма шек келтирип, бир адамды сүйлөттүрүп, мени моралдык жактан абдан кыйноодо. Өзүмдү актайын деген оюм жок. Болгон чындыкты айтып коеюн деп чыктым.

Бул киши мага курулай доомат койгонунун себеби мындай. 2016-2018-жылдары ал экөөбүз акча кошуп, бизнес кылып жүргөнбүз. Өзбекстандан эки вагон көмүр алдыртып, 12 миң долларга сатып, анын акчасын ала албай кыйналганбыз. Кийин мыйзам жолунда өндүрүү үчүн милицияга арыз жазып, алганбыз. Аталган адам акча өндүрүлгөндөн кийин менден акчаны алып, «акча алдым» тил кат жазып берген. 15 күндөн кийин милицияга арыз жазып, «20 миң доллар акчамды бербей жүрөт» дептир. Жер тилкесин сатып, анын акчасын бербей жүрөт деген экен. Анан жердин ээсине барып, тактадым. Анын жери сатылбай эле жайында турат. Ошондуктан менин күнөөм жок болсо дагы, жалган жалаа менен көө жаап жатат», — деди Калматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️