Универсиадада ОшТУнун волейбол боюнча курама командасы 1-орунду камсыздады

TurmushБишкек шаарында өткөн жогорку окуу жайлар арасындагы универсиаданын волейбол боюнча мелдешинде Ош технологиялык университетинин курама командасы 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара «Жаштык» дирекциясы тарабынан өткөрүлдү. Олжолуу орунга ээ болгон командаларга кубок, диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Универсиада жогорку жана 1-лигада спорттун 17 түрү, олимпиадалык, улуттук жана массалык спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлүп, командалар өз ара күч сынашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️