Унаалар тинтилип… Кара-Көлдөгү тургун таң эрте күбө болгон көрүнүштү видеого тартты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында белгисиз адамдар унаалардын эшигин бузуп, ичин тинтип кетишти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүн, 10-июлда эртең менен саат 06:00 чамасында сыртта токтоп турган унаалардын эшиги ачык экенин көрүшкөн. Жалпы 5 автоунаанын эшиктерин ачып, ичин карап, документтерин аңтарып кетишкен.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына билдиргендей, бул окуя боюнча эч ким арыз менен кайрыла элек. Жеринде аймактык милиция кызматкерлери иштеп жатат. Жабырлануучулар арыз жазса, маалыматтардын электрондук журналына катталат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️