Унаадагы 30 кг баңгизаттын чоо-жайы

TurmushИчки иштер министрлиги милициянын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды жана мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарды тазалоодо. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 3-апрель күнү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарымдуу өкүлү А.А. кайрылган. Ал өзүнүн билдирмесинде, Ош жана Баткен облусунун Б. жана У. аттуу тургундары ири өлчөмдө баңги каражаттарын аткезчилик жол менен Тажикстандан Баткен облусунун аймагы аркылуу мыйзамсыз алып өтүп, Кадамжай районунда сатуу үчүн сатып алуучу адам издеп жүргөнү жөнүндө ыкчам маалымат түшкөнүн билдирген.

Аталган факт боюнча чогултулган материал Баткен ОИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иш козголгон. Бүгүн, 4-апрель күнү саат 03:20 чамасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну А.А. «Лексус 330» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Анын ичинде милиция кызматкерлери К.Б., А.А. жана И.Д. болгону аныкталган. Унаага тинтүү жүргүзүлүп, багажынын дөңгөлөк коюучу жайында жалпы 30 даана сары желим баштыкка оролуп, скотчтолгон зат табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 30 кг 460 гр түзгөн. Аларга соттук-химиялык экспертизадайындалып, күбөлөр суралган. Азыркы учурда кылмыш иш боюнча тиешелүү ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Окуя тууралуу:

Буга чейин өздүк булактар бүгүн, 4-апрелде Баткен облусунда 30 кг ашык гашиш алып жүргөн мамлекеттик кызматкерлер кармалганын кабарлашкан.

Алдын ала маалыматка караганда, кармалган 3 адамдын бири Ош ОИИБдин Баңгизаттардык мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын бөлүм башчысы. Экөө Ош ОИИБдин кызматкерлери. Учурда кармалгандар Баткен ОИИБде камакка алынып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Пример HTML-страницы

Кармалгандардын экөө подполковник болсо, бирөө майор экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️