Унаа жолго чыккан улакчы жигиттин аты союлду

Кырсыкка кабылган улакчы Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районунда улак тартышка катышкан жигиттин унаага урунган кырсыктын чоо-жайы такталды. Бул тууралуу Он бир-Жылга айыл өкмөтүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, улак тартышып келе жаткан жигиттер аттары жол ортосуна чыгып, унаа менен сүзүшкөн. Унаага урунган бала ооруканага түшүп, ат ошол жерден өлгөн.

«Окуя кечээ болгон. Унаага урунган бала Шамшы айылынын 2007-жылы төрөгөн тургуну. Ал жеңил жаракат менен ооруканага көрүнүп, үйүнө кеткен. Ал эми атты мындан ары кыйналбасын деп ошол жерден муздап союшкан.

Негизи булар байма-бай сайын эле талаада көк бөрү оюнун ойноп келишет. Жолго чыгышчу эмес. Улакчы балдардын айтымында, окуя кокусунан болуп кеткен. Анда унаага урунган бала жанындагы чабандеси жок атты жол коопсуздугу үчүн жолдон ары чыгарам деп аракет кылган экен. Мына ошол маалда унаага урунган. Айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы бул кырсыгы Токмок-Шамшы жолунда болгонун билдиришти.

«Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️