Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Унаа кырсыктан улам баспай калган Токтокан айым жашоосун кайрадан өзгөрттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай шаарынын 44 жаштагы тургуну Токтокан Кучкарова курак курап, чеберчилик менен киреше табууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 3 жыл мурда унаа кырсыктан улам 2 буту баспай калган. Өткөн жылы тикмечиликти үйрөнүп, азыр буйрутмаларды алууда.

«Мен да соо адамдардай эле 12 мүчөм түгөл болчу. Унаа кырсыктан улам 2 бутум баспай, үйдө отуруп калдым. 2 жыл чүнчүп, өзүмдү-өзүм чектеп, эшикке чыгуудан уялып жүрдүм. Жашоого болгон кызыгуу жоголуп, үмүтүм өчүп калды.

Интернеттен ар кандай ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ийгиликке жетишкенин көрүп, мен да бир нерсе жасасам болот экен, менин 2 колум бар экен, кол менен эмгектенейин деп чечтим. Ошентип өткөн жылы тикмечиликти үйрөнүп, тигүүчү машина сатып алдым. Керектүү кездемелерди базардан кызым алып келет. Керектелүүчү кездемелерди 6-класста окуган кызыма жазып берем. Ал базарга барып, мага видео байланыштан чалат, анан тандап алабыз. Үйдө отуруп буйрутма алам.

Бизде курак, миң курак деген жер төшөктөр жаздыгы менен 15-20 сомду түзөт. Негизи базарда деле көп курак төшөктөр бар. Бирок базарда кунт коюп бурчун бурчуна, кырын кырына теңдештирип тиккендер аз. Бул куракты түшүнгөндөр айткан баада алып кетишет.

Азыр үй-бүлөмө киреше алып келип, балдарыма керек экенимди сезип жашайм. Азыр кандай болсом, ошол бойдон кабыл алганды үйрөндүм. Мурда сыртка чыккандан уялат элем. Азыр эл катары сыртта сейилдеп, иш менен алектенем. Күнүнө 2-3 саатты ушул чеберчиликке арнайм. Анткени көп отурууга да болбойт», — деди ал.

Токтокан айым 3 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE