Turmush — И.Исаков атындагы Кочкор райондук китепканада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Дүйшө Чикеевди эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чарага райондогу жетекчилер, китепкана башчылары, райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери, Дүйшө Чикеевдин балдары, неберелери катышты. Иш-чараны И.Исаков атындагы райондук китепкананын директору Бурулсун Султаналиева ачып, согуш ардагерлерине куран окулуп, Дүйшө Чикеевдин өмүр жолу слайд аркылуу көрсөтүлдү.
Дүйшө Чикеев 1921-жылы Кочкор районунун Тогуз-Булак (азыркы Жаңы-Жол ) айылында туулган. Ата-теги орто чарба дыйкандардан болгон. Атасы Чике 1931-жылы турмуштун начардыгына байланыштуу Чүйгө көчүп барат. Ал жакта жаңы уюшулуп жаткан «Киртруд» деген колхозго мүчө болот. Дүйшө ошол жактагы мектепке кирип, 7-классты бүткөнчө ата-энесинин колунда тарбияланат. Андан кийин чарбада колхозчу болуп эмгектенет. 1939-жылы 15-январында аскерге чакырылып, Москванын жанындагы Коломна шаарында аскердик милдетин өтөй баштайт.
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия Советтер союзуна капыстан кол салат. Дүйшө ошол жылдын 22-сентябрынан баштап Украина багытында согушка кирип, танкага каршы артиллерия бөлүмүндө кызмат кылат. Ал Украинадан Берлинге чейин, башкача айтканда согуштун башынан аягына чейин катышкан.
Согуш убагында 4-5 жолу жарадар болуп, көрсөткөн эрдиктери үчүн жети орден жана медалдар менен сыйланган. Германиянын аймагындагы катуу салгылашууда немистердин танкасын атып жок кылат. Ошол эрдиги үчүн 1-даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени менен сыйланган. 1945-жылы Берлин шаарын бошотууга катышкандыгы үчүн жолу 2-даражадагы «Даңк», «Кызыл Жылдыз», «Кызыл Туу» ордени менен сыйланган.
Дүйшө 1945-жылы 9-май — Улуу Жеңиш майрамын Берлинде тоскон. Ошол жылы 22-июнь күнү Москвадагы даңазалуу жеңиш парадынан өткөн.
1946-жылы май айында өз мекенине кайтып келип, 1946-48-жылдары Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 1948-жылдын декабрь айынан баштап Кочкор райисполкомунда мал чарбасы боюнча инструктор, 1950-1965-жылдары Жданов атындагы колхоздо кой ферманын башчысы, 1965-1970-жылдары агроном, 1970-80-жылдары склад башчысы болуп эмгектенген. 1980-жылдын 1-январь айынан баштап эс алууга чыккан.
Дүйшө Чикеев «Манас-1000» медалы менен сыйланган.
Жубайы Какиш Исаева баатыр эне, экөө он баланын ата-энеси болгон.
Согуш ардагери Дүйшө Чикеев 1998-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын ысымы Кочкор айылындагы бир көчөгө ыйгарылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.