Пример HTML-страницы

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Р.Кулдановдун эрдиги

Акыркы жанылыктар

TurmushБир топ жыл билим берүү тармагында эмгектенген Рапком Кулданов Улуу Ата Мекендик согушта күжүрмөн эрдигин көрсөткөн.

Тарыхый инсан 1920-жылы Төш-булак айылында жарыкка келген. Ал тууралуу небереси Наристе Алышбекова айтып берди.

«Рапком Кулданов чоң атамдын бир тууганы. Мен чоң атам Рапков Кулдановдун ысымы ыйгарылган мектепте иштеп жатканыма абдан сыймыктанам. Рапком атам мектептин 7-классын бүтүргөндөн кийин Фрунзедеги педтехникумдун 10 айлык курсуна кирип, мугалимдик кесипке ээ болгон экен. 1941-жылы январь айында согушка кеткен. Минск, Карачев, Великие Луки, Витебск, Шяуляй, Кёнигсберг шаарларын немистик баскынчылардан бошотууга катышкан. 1943-жылы Карачев шаарын алууда «Эрдик үчүн» медалы, Неман дарыясын көчүүдө «Каармандыгы үчүн» медалы, Витебск шаарын бошотууда 3-даражадагы «Даңк» ордени менен сыйланган.

Рапком Кулданов башкарган миномёттук бөлүк немис баскынчылардын ондогон техникаларын жана адамдарын жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы «Даңк» ордени менен сыйланган экен. Жеңиш майрамын Кёнигсберг шаарынан тоскону айтылат. Башкы командачы И.В.Сталинден алган алкыштары бар», — деди небереси.

Анын айтымында, Рапком Кулданов согуштан кийин, 1946-жылы өзү туулуп-өскөн айылына кайтып келип, 1949-жылга чейин Карл Маркс жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1952-1956-жылдары Октябрь райондук партия комитетинде пропаганда жана агитация бөлүмүн жетектеген.

Фрунзе шаарындагы педагогикалык институтунун география факультетин ийгиликтүү аяктап, 1949-1951-жылдары Сузак районундагы 8-март мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1956-1960-жылдары ЦК КПССтин токтомунун негизинде артта калган колхоздорду оңдош үчүн Фрунзе атындагы колхозун жетектеген. 1960-жылдан тартып Октябрь районунун Ленин атындагы колхозунда парткомдун катчысы болуп иштеген. 1963-жылы Тайгараев атындагы совхозунда тамекиден жогорку түшүмдү алгандыгы үчүн медаль менен сыйланган. 1967-жылы Туз орто мектебинде директор болуп эмгектенип, 1970-жылы «Дружба» колхозунда парткомдун секретары болуп иштеген. 1970-1980-жылдары Белогорка орто мектебинде директор болуп эмгектен.

1980-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыккан. 3 кыз, 2 уулу бар.

«Чоң атам айылдын ардактуу карыяларынан. Ар дайым жаштарга акыл-насаат сөздөрүн айтып келген. Өзүнүн эмгек жолунда чарбалык иште болобу, педагогикалык иште болобу өзүнүн жумушка болгон эмгекчилдиги, жоопкерчилиги жана чыгармачылыгы менен айырмаланып, эл арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон. Сокулук райондук эл депутаттарынын кеңешинин чечиминин негизинде 1999-жылдын 1-сентябрында Төш-Булак айылындагы орто мектепке Рапком Кулдановдун ысымы берилди. Мына ошентип чоң атамдын жолун жолдоп, мен дагы мугалимдик кесипти аркалап келе жатам», — деди небереси Наристе айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE