Пример HTML-страницы

«Улут баскан улуу жол» бешинчи этно фестивалы өтөт

Акыркы жанылыктар

Turmush1-2 июль күндөрү Каракол шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жана Каракол шаарынын 155 жылдыгына карата «Улут баскан улуу жол» аталышындагы бешинчи этно фестивалы өтөт. Учурда ага карата даярдыктар жүрүүдө.

Этно фестивалдын алкагында эл аралык кыргыз-казак акындарынын айтышы, кенже эпостор фестивалы, «Боз үй» фестивалы, кол өнөрчүлөр фестивалы, жергиликтүү этнодизайнерлердин көргөзмөсү, «Мурас» эл аспаптар оркестринин концерти, кыргыз-казак этно дизайнерлеринин көргөзмөсү, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, «Так теке» сынагы, «Нарк куржун» сынагы, Ашлямфу-fest, эпос китептеринин көргөзмөсү өтөт.

Ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата архивдик сүрөт көргөзмөсү, «Карегимде Каракол» сүрөтчүлөрдүн сүрөт сынагы «Дестинация Каракол» көргөзмөсү, кыргыз эстрада жылдыздарынын шоу-концерти, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын концерти болот.

Ал эми 2-июнь күнү «Сабантуй — 2024» татар-башкыр элинин майрамы белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE