Улан Балпанов Жер ресурстары агенттигинин Каракол-Ак-Суу филиалын жетектеди

Акыркы жанылыктар

TurmushУлан Балпанов Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Ак-Суу филиалынын директору болуп дайындалды.

Буга чейин аталган кызматта Жаркымбаев Сатар Мусилинович иштеп жаткан.

Балпанов Улан Есеналыевич 1977-жылы 11-сентябрда туулган. Жогорку билимдүү, 1999-жылы К.И.Скрябин атындагы кыргыз агрардык академиясын аяктаган. Ал эми 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын юрист адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 2001-жылы «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун алдындагы Ысык-Көл облустук жерге жайгаштыруу бөлүмүндө адис;

Пример HTML-страницы

— 2002-жылы «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун алдындагы Ысык-Көл облустук жерге жайгаштыруу бөлүмүндө топтун жетекчиси;

— 2022-2004-жылдары Ак-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укук каттоо башкармалыгында картограф;

— 2004-2005-жылдары Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укук каттоо башкармалыгында башкы адис;

— 2005-2008-жылдары Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укук каттоо башкармалыгында жер кадастры боюнча бөлүмдүн башчысы;

— 2018-2024-жылдары Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Ак-Суу филиалынын директорунун орун басары;

— 2024-жылдын 17-октябрынан тарта Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Каракол-Ак-Суу филиалынын директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️