Пример HTML-страницы

УКМК Таластагы мурдагы жетекчини кармаган. Сот аны камакта калтырды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас шаарында муниципалдык ишкананын мурдагы директору камакта калтырылды.

Талас облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, 2024-жылдын 8-июнунда Талас райондук соту шектүү Ж.К.Ж.нын баш коргоо чарасын тандап, 2024-жылдын 21-июнуна чейин, тактап айтканда 14 күнгө камакка алган.

Облустук сотко апелляциялык арыз түшкөн. Талас облустук соту 2024-жылдын 12-июнунда Ж.К.Ж.ны 24-июнга чейин камакта калтырды.

  • Жумабеков Кубаныч Жумабекович буга чейин Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасын жетектеген.

Буга чейин УКМК муниципалдык ишкананын мурдагы директору кармалганын билдирген.

Расмий маалымат боюнча, шектүү тарап Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын товардык-материалдык баалуулуктарын негизсиз эсептен чыгаруу жолу менен бюджеттик каражаттарды ээлеп алган.

«Ишкананын мурдагы жетекчиси Ж.К.Ж. тарабынан автотранспорттун тетиктерин, ошондой эле иштебей турган атайын техника үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу механизми уюштурулган. Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы мамлекетке 6 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады», — деп билдирген УКМК.

Муниципалдык ишкананын мурдагы директору Ж.К.Ж. кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул коррупциялык схемага тиешеси бар кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE