УКМК Оштогу мурунку 4 жетекчини кармаган. Сот алардын камактагы мөөнөтүн узартты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында кармалган мурунку 4 жетекчинин камактагы мөөнөтү узартылды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 13-сентябрындагы токтомдорунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн С.И.Б., Т.А.А., А.Ж.М., С.А.Э.ни камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын узартуу жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган.

Шектүүлөргө карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-ноябрына чейин узартылды.

———————————————

Буга чейин УКМК Ош шаарында сел сууларын агызууга арналган жерлер мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткенин билдирип, мурунку 4 жетекчини кармаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Ош шаарынын Туран кичи районундагы турак үйлөргө келтирилген зыяндын себептерин текшерүүнүн жыйынтыгында кооптуу жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.

Пример HTML-страницы

Кармалгандар:

— Ош шаарынын мурунку вице-мэри Жасур Азимов;

— Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев;

— Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурунку башчысы Алтынбек Токошев;

— «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы мурунку башчысы (кармалган учурда Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы кызматында иштеп жаткан) Ильяз Сансызбаев.

Алар Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га (Алмаз Иминжанов) Туран кичи районунун түштүк тарабында жайгашкан сел сууларын агызуучу каналдын (аянты 2,2 га) жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам беришкен.

И.А.Ш. жер тилкесин алгандан кийин жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы жана макулдугу менен атайын техниканы колдонуу аркылуу табигый каналдарды өз алдынча тегиздеп, кийин жеке турак жай курууга сатуу үчүн даярдаган.

Натыйжада, 2,2 га жер тилкеси 30 участокко бөлүнүп, ар бирине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген. И.А.Ш. жер тилкелерин үчүнчү жактарга саткан, учурда ал жерлерде турак жай курулуп жатат.

Сел сууларын агызуучу каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын жааган учурда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүндө жайгашкан турак жайларга сел келген. Анын кесепетинен Туран кичи районуна жакын жайгашкан жеке турак жайларды жана жерлерди сел каптап, жашоочулардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

————————————————————————

2024-жылдын 14-июлунда Ош шаарында жана Кара-Суу районунун аймагында катуу сел жүрдү. Анын кесепетинен турак үйлөрдү, социалдык объектилерди сел суулары каптап, унаалар жабыркады.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ош шаарында 212 турак үй, 2 социалдык объект, 2 көпүрө жабыркады.

Ош шаарындагы борбордук базарда 785 соода түйүнүн суу каптады.

Учурда 6 адам каза болгону белгилүү. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар — аял киши жана анын 3 кызы. Ошондой эле 1985-жылы туулган аял сууга агып кетти. Дагы бир тургун Озгур айылында жүк ташыган унаанын алдында калып каза болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июль күнү Ош шаарына келип, борбордук базарга барды. Ал мындай сел 30 жылдан бери катталбаганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️