УКМК Ош шаарынын мурунку башкы архитекторун кармады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushМинистрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурунку башчысы Алтынбек Токошев УКМК тарабынан кармалды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 20-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

«Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен шектүү Т.А.А.га карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-сентябрына чейин тандалды», — деп айтылат маалыматта.

Токошев Алтынбек Аскарбекович 2019-жылдын июль айында Ош аймактык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Ал эми 2023-жылдын декабрь айында кызматтан кеткени белгилүү болгон.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️