Пример HTML-страницы

УКМК менен милиция Ысык-Көлдөгү депутатты кармады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧолпон-Ата шаардык кеңешинин депутатына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 22-майында Ысык-Көл РИИБге анын иш-аракетине укуктук баа берүү жана тергөөгө чейинки текшерүү ишин жүргүзүү үчүн факт катталган. Текшерүүгө социалдык тармакка тараган видео негиз болгон. Анда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, ИИМде К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган 1988-жылы туулган Т.С. Мамлекеттик салык кызматынын жана башка мекемелердин кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратып, аларды коркутканы тартылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Т.С.нын видеодо айткан сөздөрүнө соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусу менен Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерине карата коркутуу жана зомбулук болгону аныкталган. Ошондой эле корутунду Т.С.нын сөздөрүндө массалык хаос уюштурууга чакырык болгон болушу мүмкүн экенин көрсөткөн.

«Аталган иш-аракеттерде кылмыштын курамынын белгилери бар болгондуктан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде кылмыш иш козголду. Ысык-Көл РИИБдин жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте шектүүнү кармады. Т.С. Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө уланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE