Пример HTML-страницы

УКМК менен милиция Ошто мыйзамсыз иштеп жүргөн 100дөй мигрантты аныктады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн 97 мигрант аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 3-июнунан 9-июнуна чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте Ош шаарынын аймагында «Нелегал-Трафик» аталыштагы комплекстүү ыкчам алдын алуу, издөө иш-чарасын жүргүздү. Анда мыйзамсыз миграциялык каналдарды аныктоо максатында тиешелүү иш-чаралар өткөрүлдү.

«Чет элдик жарандардын жумушчу күчтөрүн мыйзамсыз пайдаланган 7 учур аныкталып, тиешелүү материалдар тергөө кызматына өткөрүлдү. Учурда тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө чет элдик жумушчу күчтү мыйзамсыз пайдаланган юридикалык, жеке жактарга жана КРнын аймагында белгиленген жүрүүнүн тартибин жана эмгекти жүзөгө ашыруу эрежелерин бузган чет элдик жарандарга 97 протокол түзүлүп, жалпысынан 548 000 сом айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE