УКМК мамлекетке кайтарган жер Каракол шаардык мэриясынын балансына кабыл алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-августа Каракол шаардык кеңешинин 46-сессиясы өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, жыйынга 52 депутат, 32 эл өкүлү катышууда.

Күн тартибине жалпы 6 меселе коюлган. Анын ичинен мурда УКМК мамлекетке өткөргөн тегирмен жана 1 гектар 37 сотых жерди муниципалдык баланска өткөрүүгө макулдук бир добуштан алынды. Мындан ары Каракол шаардык мэриясы муниципалдык баланска алууга процедураларды баштайт.

Буга чейин УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында өнөр жай зонасындагы 1,37 гектар жер жана Каракол шаарындагы 0,5 гектар ун комбинаты аймагы менен мамлекеттин балансына кайтарылганын жарыялаган.

Тактап айтканда, Каракол шаарынын муниципалитетинин экс-чиновниги О.И.И. 2012-2013-жылдары түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте коммерциялык багыттагы жерлерди төмөндөтүлгөн нарк боюнча жеке менчикке өткөрүп беришкен. Ошондой эле, мыйзамсыз түрдө 10 гектардан ашык жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө Каракол шаарынын башкы планына карама-каршы келген токтомдорду чыгарышкан.

Пример HTML-страницы

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чаралардын жыйынтыгында О.И.И. аттуу жаран келтирилген зыяндын эсебинен мамлекеттин балансына өнөр жай зонасындагы 1,37 гектар жер тилкесин жана Каракол шаарындагы ун комбинатын өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Жалпы наркы 1 млн АКШ долларын түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️