УКМК коррупция боюнча Оштогу 124 кызматкерди кармаган. Алар кайсы түзүмдөрдүн өкүлдөрү?

УКМК коррупция боюнча Оштогу 124 кызматкерди кармаган. Алар кайсы түзүмдөрдүн өкүлдөрү? Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда 1 жылда коррупция боюнча 124 кызматкер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Ош шаарында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга байланыштуу өткөн жыйында УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы билдирди.

Анын айтымында, коррупцияга каршы кылмыш иштери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине 135 материал катталган. Экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча келтирилген зыян 20 млрд 279 млн 177 миң 364 сомду (натуралдык түрдө 19 млрд 731 млн 665 миң 759 сом, накталай түрдө 484 млн 351 миң 605 сом) түзүп, орду толтурулду.

2024-жылы коррупцияга тиешеси бар делген 124 кызматкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алардын ичинен:

— ИИМдин 7 кызматкери;

— Юстиция министрлигинен 2 адам;

— Мамлекеттик салык кызматынан 5 адам;

— Мамлекеттик бажы кызматынан 6 адам;

— Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен 6 адам;

— Транспорт жана коммуникация министрлигинен 2 адам;

— Энергетика министрлигинен 1 адам;

— Билим берүү жанан илим министрлигинен 5 адам;

— Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 1 адам;

— Саламаттыкты сактоо министрлигинен 4 адам;

— Архитектура, курулуш турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигенен 2 адам;

— Эсептөө палатасынан 2 адам;

— прокуратура органдарынан 1 адам;

— сот органдарынан 1 адам;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 7 адам;

— мамлекеттик үлүшү бар мекемеден 1 адам.

Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордон 10 адам кармалган.

Президент Садыр Жапаров «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат. Ошондой эле коррупциялык кылмыштар үчүн айыптарды толугу менен алып салуу (мисалы, мыйзамсыз баюу үчүн 300-500 миң сом айып ордуна эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу мөөнөтү болот); эгерде жубайы/жолдошу же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмышка күнөөлүү деп табылса, мамлекеттик кызматка кабыл алуудан баш тартуу жазасы каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️