УКМК Кара-Суунун Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысы Ильяз Сансызбаевди кармады

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысы Ильяз Сансызбаев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар кабарлады.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, И.Сансызбаев 18-сентябрга чейин камакта калтырылды.

«Ош шаардык сотунун 20-июлдагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. С.И.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен шектелип, бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-сентябрына чейин тандалган», — деп айтылат маалыматта.

И.Сансызбаев мурда Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Кара-Суу районунда Сары-Колот айыл аймагы менен Отуз-Адыр айыл аймагы биригип, Отуз-Адыр айыл аймагы болуп кайра түзүлгөн. 27-февралда бул айыл өкмөттүн башчысы болуп Сансызбаев Ильяз Бакирович дайындалган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️