УКМК бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган адамды Москвадан кармап келген. Ал кандай жаза алды?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку сот бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого айыпталган жаранга карата чыгарылган өкүмдү күчүндө калдырды. Тиешелүү чечим 2024-жылдын 19-июнунда кабыл алынды.

УКМК 2023-жылдын ноябрь айында массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жарыялаган «Фейсбук» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Москва шаарынан кармалганын билдирген.

УКМК 1986-жылы туулган Кыргызстандын жараны К.Н.К.га мамлекеттик жана эл аралык издөө жарыялаган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен кылмыш иши козголгон.

«К.Н.К. өлкөдөн тышкары жүрүп, тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен кулатууга/басып алууга байланыштуу чакырыктарды активдүү жарыялаган», — деп айтылган билдирүүдө.

К.Н.К. Россия Федерациясынын аймагынан кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Кайрат (аты өзгөртүлдү) оппозициялык саясий партиялардын биринин көз караштарын колдоп, анын активдүү мүчөсү катары социалдык тармактагы баракчасында мыйзамдуу бийликке сын-пикирин айтып, конституциялык түзүлүштү өзгөртүү боюнча көз карашта туруп келген. Ошону менен ал 2022-2023-жылдардын аралыгында социалдык тармактарда өзүнө кылмыштуу шериктерин издеген. Facebook социалдык тармагындагы баракчасында мыйзамдуу бийликке каршы оппозициялык көз караш менен конституциялык түзүлүштү өзгөртүү боюнча, ошондой эле бийликти күч менен басып алууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын президентин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарын күч колдонуу менен кызматтан кетирүүгө, башкача айтканда мыйзамдуу бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалыматтык коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен жасаган.

Пример HTML-страницы

Айыпталуучу Кайрат (аты өзгөртүлдү) Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда туулган, орто билимдүү, ажырашкан, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Кайрат Жалал-Абад шаардык сотунун 2024-жылдын 19-январындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү дайындалган.

Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги өкүмү менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2024-жылдын 19-январындагы өкүмү өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.

Кайрат Жогорку сотко кассациялык даттануу менен кайрылган. Ал жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайларын эске алып, ага карата камакка байланышпаган жаза дайындап, аны бошотууну сураган.

Жыйынтыгында Жогору сот Жалал-Абад шаардык сотунун 2024-жылдын 19-январындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги өкүмдөрүн күчүндө калтырылды.

Кайраттын кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️