УКМК Алманбет Анапияевдин бир тууганын кармаган. Сот аны камакта калтырды

Акыркы жанылыктар

TurmushМаркум Алманбет Анапияевдин алдамчылыкка шектелип кармалган бир тууганы камакта калтырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 3-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен шектелген А.Г.М. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 1-августуна чейин тандалды.

———————————————————

Буга чейин УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы кармалганын билдирген.

Пример HTML-страницы

Расмий маалымат боюнча, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г.М кармалды. Ал А.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, «ДСШ» маркасындагы көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдү 1,6 сомдон) сатууга убада берип, 100 миң доллар алган жана ар кандай шылтоо менен бул акчаны кайра кайтаруудан баш тарткан.

А.Г.М 2-июлда ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️