УКМК айына 500 миң сом киреше алып келген автобекетти мамлекетке кайтарган. Учурда эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын апрель айында Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан автобекет мамлекетке кайтарылган.

УКМКнын маалыматына караганда, автобекет 65 миллион 350 миң сомго бааланат. Гүлчө айыл аймагында жайгашкан автобекет мурда мыйзамсыз жеке менчикке берилгендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Гүлчө автобекети» мамлекеттик акционердик коомунун кызматкерлери акциялардын 70%ын, 0,42 гектарга жакын жер тилкени жана 135 чарчы метрлик административдик имаратты сатып жиберишкени белгилүү болду. Мындан тышкары Гүлчө айыл аймагы тарабынан 2015-жылы укук белгилөөчү документтер берилген.

Автобекет учурда базар катары иштейт. Соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн ай сайын 500 миң сомго жакын киреше жеке чөнтөккө түшүп турган.

Объекттин максатсыз пайдаланышы калктын жана таксисттердин нааразычылыгын жараткан жана автобекеттин жоктугунан ар кайсы көчөлөрдө такси түйүндөрү уюштурулган. 0,42 гектар жер менен административдик имарат ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген.

Пример HTML-страницы

Жашоочулар аталган автобекеттин бир тарабындагы ашкана, күркөлөр дагы деле ижара акысын мурунку жетекчисине төлөп жатканын айтышты.

Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев Turmush басылмасына берген комментарийинде автобекеттин айланасындагы базарлар боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыктан толук маалымат бере албай турганын билдирди.

Ал эми аталган автобекеттин мурунку администратору Дамир Жээнбеков: «Бул иштин бардыгын УКМК тергөөгө алган. Курулуш баштаганда насыя алгам, ошол насыяны бир айда төлөп, андан кийин мамлекетке өткөрүп бергем. Автобекеттин жери толугу менен мамлекеттин балансында. Ал жерге жетекчи коюлган, азыр мен ал жерге барбайм деле. Учурда ал жерге менин тиешем жок. Ижара акысы толук мамлекетке төлөнөт», — деди.

Ошондой эле 2024-жылдын 30-сентябрында УКМК Алай районунда Алымбек датка сейил багындагы жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 1999-жылы Алай районунун айрым тургундары райондук мамлекеттик администрациянын кызмат адамдары менен болгон байланышын пайдаланып, райондук мамлекеттик администрациянын токтомунун негизинде Гүлчө айыл аймагында жайгашкан Алымбек датка сейил багына таандык 13 сотых жер тилкени жеке менчикке чыгарышкан. Учурда аталган участокто коммерциялык имарат бар.

Аталган факт боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 13 сотых жер ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Жер тилке жана имарат 20 миллион 466 миң сомго бааланууда.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Элиза Кадырова автобекетке жаңы жетекчи дайындалганын билдирди.

«Автобекет мурда жеке адамдын менчигинде болчу, азыркы учурда муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө ал жер биздин баланста. Ал жердеги соодагерлер ижара акысын башка адамга төлөп жатат деген боюнча менде маалымат жок. Бизден жетекчи дайындалган. Салыктарды топтоп, мыйзам чегинде иш алып барып жатат. Ал эми Алымбек датка багындагы «Бообек» кафеси боюнча документ иштерин бүтүрүп жатабыз», — деп Кадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️