Үйлөнүү тойго барып, азер элине келин болгон Асылай Эркинбекова

Үйлөнүү тойго барып, азер элине келин болгон Асылай Эркинбекова Акыркы жанылыктар

Turmush«Келинчек» рубрикасынын кезектеги каараны — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айлынын 23 жаштагы тургуну Асылай Эркинбекова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 2001-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарыкка келгем. Учурда Сокулуктун Кызыл-Туу айылында жашайбыз. Турмуш жолуна 18 жашымда аттангам. Жолдошум менен үйлөнүү тойлордун биринде таанышып калганбыз. Ал күйөө жолдош, мен курбусу болуп баргам. Кийинчерээк бир айылда жашарыбызды билип, социалдык тармак аркылуу сүйлөшүп баштаганбыз. Мага сүйүүсүн деле билдирген эмес, ата-энемдин тилин таап, алардын көңүлүн алган. Анан «сага үйлөнөм» деп эле алып алган, балким чечкиндүү сапатын баалагындырмын», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу кыргыз тилинде эркин сүйлөйт.

«Жолдошумдун аты-жөнү Билалов Тейюб Юнус Оглу, 31 жашта. Азербайжандын Баку шаарынан (түпкү теги жана туулган жери) болот. Жолдошум Кыргызстанда өсүп-чоңойгон. Туугандары, достору, кошуналардын баары кыргыз улутунан болгон. Мындан улам ал кыргыз тилинде эркин сүйлөйт, айрым учурда билбей калган сөздөрдү андан сурайм. Үйлөнүү тоюбуз кыргыздын каада-салты менен өткөн. Кайненемдин аппак жоолук салганы көз алдымда турат. Башка улут, бөтөн эл, «кантип көнүп кетем?» деп аябай коркчумун. Кийин эч кандай кыйынчылыктар жаралган жок, өзүбүз жакка келин болгондой эле жүрдүм. Жолдошум жалгыз уул болгондуктан ата-энебиз менен чогуу турабыз. Өзү нарындыктар оокатка тың болушат го, үйдөгү тиричиликти тез эле алып кеттим», — деди ал.

Ал жаңы келин болуп келгендеги эсте калган окуялары менен бөлүштү.

«Мен жаңы келин болуп, баарыбыз чай ичип отурганбыз. Жолдошум менен кайненем өздөрүнүн тилинде сүйлөшүп калды. Мен аябай түшүнгөнгө аракет кылып, түшүнө албай койдум. Мен жөнүндө, же мени билбесин деп өздөрүнүн тилинде сүйлөшүп жатат деп, аябай буркурап ыйлагам. Азыр эстесем күлкүм келет. Алар көнүп калгандай сүйлөшө бериптир да. Кайненем: «тилибизди унутуп калбайлы» деп, үйдө азер тилинде сүйлөшөт. Мен азыр азер тилин жакшы түшүнүп калгандыктан, «эми биз сырдаша албай калдык» деп күлүп калышат.

Өзүм түрдүү тамактарды, таттууларды жасаганды жакшы көрөм. Кайненем көп жылдык гүлдөрдүн түрүн өстүрүп сатат. «Кийин бул ишти сен улантасың» деп, гүлдөрдү өстүргөндү, көбөйткөндү үйрөтүп жатат. Учурда 1 уул жана 1 кызыбыз бар. Ата-энебизди Меккеге зыярат кылуу үчүн жиберсек, жолдошумдун туулган жери Азербайжанга барып келсек деген ой-максаттарыбыз бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️