Turmush — 2024-жылдын 19-сентябрында Ош шаарында 33 жаштагы Чолпон Садырали кызы 3 эмди жарыкка алып келген. Буга чейин жубайлар 2 кыздуу болгон. Учурда алар 5 баласы менен эки бөлмөлүү батирде күн кечирип жатышканын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып беришти.
3 эмдин атасы Азамат Мусаев жубайы балдарды кароодо кыйналгандыктан жумушунан чыгууга туура келгенин айтат.
«Досторум менен бирге курулуш тармагында иштеп келем. Келинчегим төрөп, үч эмди жана эки чоң кызымды жалгыз карап кыйналгандыктан иштен чыктым. Учурда иштебей эле үйдө балдарды карашып жүрөм. Биз менен чогуу апам дагы каралашып турат», — деди ал.
Балдардын чоң энеси Айнура Мусаева мамлекет тараптан неберелерине үй берилсе дегени ниетин билдирди.
«Азыркы учурда неберелеримди карап, кубанып турган учурубуз. Алардын өмүрүн, ден соолугун тилеп отурган чагыбыз. Кыйынчылыктар болуп жатат. Жалаяк, дары-дармектери, азыктары деген болот экен. Бир таңгак жалаяк бир күнгө эле жетип жатат. Балам да иштебейт, келиниме жардамдашып турат. Ал мурун курулушта иштечү. Азыр эми 5 баласын карап үйдө отурат. Экинчи кызы эпилепсия болуп ооруп калган. Катуу ыйласа, өзүн жоготуп салат. Ага дагы дарыларын алыш керек болот. Ошондуктан каражат жетишпей кыйналып жатышат.
Мэрия тараптан куттуктап, 50 миң сом тапшырып кетишкен. Ал 50 миң сом бат эле түгөнүп калды. Андан сырткары батирде турушат, анын ижарасын да төлөшөт. Президентибиз Садыр Жапаровдон, Камчыбек Ташиевден суранат элем. Элдин катарында менин неберелериме да үй берип койсо деген үмүттөмүн. Буга чейин президентке кат жазгам. Кечээ күнү Социалдык фонддон байланышып, «кыздар чалат» деп айтышты эле. Бирок эч ким байланыша элек. Жөлөк пул берилет, бирок жетпейт экен. Жалаяктардын баасы миң сомдон, андан сырткары азыктар менен камсыз кылыш керек болуп жатат», — деди Мусаева.
Ал эми үч эмдин апасы Чолпон Садырали кызынын айтымында, учурда балдардын абалы жакшы.
«Ушул жылдын 19-сентябрь күнү үч эмди жарык дүйнөгө алып келгем. Балдарыбыздын ден соолуктары жакшы. Учурда жолдошум жардамдашып жатат. Эми кыйынчылык болот экен. Бири ыйласа, экинчиси ойгонуп кыйнайт. Өзүм дагы кыйналганымдан сүтүм чыкпай калып, буламык (смесь) берип жатабыз. Андан сырткары эки кызыбыз бар. Улуусу 4 жашта, экинчиси 2 жашта. Аларды деле үйдө эле карайбыз. Эки кызыма тең жөлөк пул алабыз. Андан кийин үчөөнү каттап, 5 балабызга кошумча жардам болуп калсын деп каттатып койгонбуз. Өкмөттөн суранам, бизди дагы үч эм төрөгөн энелердин катарына кошуп, үй берип калышса, ижарага берген акчаны азык-түлүккө, балдардын кем-карчына жумшайт элек. Ар эки саат сайын ойгонуп турушат. Жалайыгын алмаштырып, сүтүн бериш керек болот. Бир аралашма алсак, бир жарым күнгө жетет. Андан сырткары күнүмдүк тамак-ашка акча кетет. Азыр балдар менен ижарадагы батирде жашоо оор болуп калды. Баалары жылдан-жылга көтөрүлүп жатат», — дейт Чолпон Садырали кызы.
Буга чейин Turmush 3 эмге Алинур, Айлин, Аманда ысымдары ыйгарылганын жазган. Алар операция жолу менен жарыкка келген. Уул бала 2 кг 25 гр, биринчи кыз 1 кг 800 гр, экинчи кыз 1 кг 900 гр салмакта төрөлдү.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.