У.Сүйүнов Сүлүктү шаарында мелдеш уюштуруп, өлкөнүн спортчуларын чогулта алганын айтты

TurmushБаткен облусунун Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы тургуну Умар Сүйүнов эрежесиз эр мушташ менен машыгып, бир катар ийгиликтерди багындырууга жетишкен. Учурда келечек муунду дени сак жашоого үндөп, машыктыруучунун милдетин аткарып жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Умар Сүйүнов Кыргызстандагы гана турнирлерге катышып тим болбостон, чет өлкөлөрдө да ийгиликтерди жаратып келген. Азыркы тапта дүйнөлүк Sherdog порталында расмий катталган беттештеринин саны жетиге жеткен. Анын ичинен 6 ирет жеңишке жетип, 1 жолу утулган. Мындан сырткары спорттун грепплинг түрү менен машыгып, бир катар ийгиликтерди багынткан. Каймана аты — Маугли.

Бүгүнкү күндө спортчу 2 кыздын атасы. Сүлүктү шаарындагы залда жаш балдарды машыктырып, аларга үлгү болуу менен өзү да машыгып келет.

«Мен 1994-жылы 21-августта Сүлүктү шаарында жарык дүйнөгө келгем. Кичинекей кезимден эле спортко кызыгып, алгач бокс менен машыга баштадым. Кийинчерээк эрежесиз эр мушташка өттүм. Менин спорт менен машыгып калышыма түздөн түз чоң атам себепчи болду деп ойлойм. Чоң атам Сүйүн Кудайбердиев күрөш менен алектенип, көптөгөн мелдештерде ийгиликтерди жараткан. Алгач Сүлүктү шаарында машыгып жүрдүм. Андан соң Бишкек шаарына барып, көптөгөн спортчулардын чемпион болушуна түрткү болгон Кенжебек Чекиров агайдын кол алдында машыгып калдым», — деди ал.

Каарманыбыздын келечекте Кыргызстандын желегин желбиретип, атын дүйнөгө тааныткан чемпиондорду тарбияласам деген аруу тилеги бар.

«Өткөн жыдын 26-ноябрында «Гран-при Сүлүктү» турнирин бир нече агаларым жана досторумдун колдоосу менен уюштурдук. Ага 77 килограмм салмак чен бирдигинде өлкөнүн булуң бурчунан мушкерлер катышты. Мыктыбек Оролбай уулу аттуу жигит чемпиондук курдун жеңүүчүсү болуп, 2500 АКШ долларына ээ болду. Ошондой эле өзүбүздүн жаш мушкерлер да бул турнирге катышып, жеңишти камсыздашты.

Пример HTML-страницы

Мындан ары да ушундай мелдештерди уюштуруп, жаштардын спорт жагынан өсүшүнө шарт түзүп берсем дейм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️