Түптөгү тургундун үйүнөн мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда өз үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түп РИИБге жергиликтүү тургун өз үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жана колдонуп жүргөндүгү тууралуу кабар түшкөн.

Бул факт Түп РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, райондук милициянын кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталган.

Ал Күрмөнтү айылынын 1989-жылы туулган тургуну Т.К. болуп чыкты. 15-март күнү Түп райондук сотунун токтомунун негизинде жогоруда аталган жарандын үйүндө тинтүү иштери жургүзүлүп, 1 даана сайлуу «ТОЗ- 8», 1 данна «HATSAN MOD 125 E» кош оозду жана 16 калибрдеги «ИЖ 27 Е» кош оозду үлгүлөрүндөгү ок атуучу куралдар мыйзамсыз сакталып турган жеринен табылып алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️