Түптө көл жээктеги пирстин тосмосу алынды. Кирүү акысы 100 сомго чейин болуп жаткан

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Ысык-Көл (Маяк) айылында пирске орнотулган тосмо алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жеке менчик пансионатка таандык көл жээгиндеги пирске кирүү үчүн 50 сомдон 100 сомго чейин акча алынып келген. Мындай көрүнүш көпчүлүк эс алуучуларды нааразы кылып, калкты акысыз тейлөөнү талап кылышкан.

Ал эми Ысык-Көл айылынын башчысы Тилек Нурсеитовдун айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерине барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тосмо алынды.

«Ысык-Көл айылындагы көл жээгиндеги жер тилкени 10 жылдан бери жеке менчик «Туба» пансионаты иштетип келет. Алар көл жээкке пирс куруп, жыл сайын акысыз тейлечү. Быйыл мындан бир апта мурун сезондо акча табуу максатында мыйзамдуу жол менен иш кагаздарды даярдап, кирүү акысы үчүн 50 сомдон 100 сомго чейин баа койгон экен. Кечээ, 21-июлда жергиликтүү жетекчилик жеринде болуп, пансионаттын ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пирске кирүү акысы токтотулду», — деди айыл башчы.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️